10

Апрель

2013

Бүгүн, 10- апрелде, КР вице-премьер-министри Камила Талиева “ Ж.Баласагын атындагы КУУнун жаш окутуучулары жана жаштар комитетинин демилгеси менен уюштурулган “Сүйүктүү шаарым, жашыл шаарым” деген көрктөндүрүү акциясына катышты. 

Бул акция КРнын Өкмөтүнүн шаарларды жана калктуу пункттарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлык иш чаралардын алкаганда өттү жана  акцияга 600дөн ашык студенттер менен жаш окутуучулар катышты.

Жаштар менен көчөт отургузуп жатып, Камила Талиева көчөттөрдү отургузуп эле тим болбой ага камкордук көрүш керектигин билдирди. “ Биз баардыгыбыз кам көргөндөн баштап, Бишкек чыныгы жашыл шаарга айланып, өзүбүзгө  гана эмес, кийинки муундарга кубаныч тартуулайт” – деди ал.   .

Бишкек шаардык мэриясы жаштардын мындай демилгесин колдоого алып, Айни жана Муромская көчөлөрүнүн кесилишиндеги куурап, кароосуз калган  3 гектарга жакын жер үлүшүнө көчөт отургузууга мүмкүнчүлүк берүү менен 600 дөн ашык жаш көчөттөрдү бөлүп берген. Бөлүнгөн көчөттөрдүн бардыгы бүгүн толук отургузулуп, болочок жашыл паркка айлануучу аймак акыр-чикирден толук тазаланды.   

Камила Талиева акциянын катышуучулары менен баарлашып жатып, Бишкек шаарынын мэриясына бул аймакты багып өстүрүп  камкордукка алуу үчүн КУУнун Ж. Баласагын атындагы паркы деп атоо идеясын берүүнү сунуш кылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү