26
Март
Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри К.Талиева «Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы” коомдук уюмунун президенти Саид Баюмименен жолугушту.
Жолугушуу учурунда аталган уюмдун жардамы менен карылар үйүн жана алыскы райондордо мектептерди куруу тууралуу маселелер талкууланды.
Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы мындан тышкары жетим жана аз камсыздалган жаш үй бүлөөлөргө социалдык жана башка жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү