12
Февраль
Бүгүн, 12-февралда, кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Аламүдүн районундагы Дачный айылындагы Чүй облустук мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөрдүн “Максат”реабилитациялоочу Борборунда болду.
Борбордун директору Роза Абдыкеримова мекеме тууралуу, ошондой эле көйгөйлөрүн айтып берди Анын айтуусу боюнча аталган борбордо 30 жылдан бери капиталдык оңдоо иштери болгон эмес жана азыркы учурга чейин ичүүчү таза суу көйгөйү чечилбей келүүдө.
Вице-премьер-министр аталган көйгөйлөрдүн чечилишин жеке өзүнүн көзөмөлүнө алып, таза суу маселеси боюнча жакын арада тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен жыйын өткөрмөй болду. Бул маселени чечүү үчүн алдын ала эсептөө боюнча бир миллион сом каражат кетээри аныкталды.
Борборду капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Вице-премьер-министр жайында марафон өткөрүүнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырды. “Биз да өз салымыбызды кошобуз. Анткени социалдык багыттагы мекемелерди колдоо Өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири “,- деп белгиледи.
К.Талиева Борбордун коллективи, тарбиялануучулары жана ата-энелери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Вице-премьер-министр Борбордун коллективине ыраазычылык билдирип, балдардын ата-энелерине колдоо сөзүн айтып, бир телевизор белекке берди.
Андан соң Вице-премьер-министр Аламүдүн районундагы Октябрьск айыл аймагындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Аталган мектеп 2010-жылы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген.
Билим жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаеванын айтуусу боюнча мектеп 520 орунга эсептелген жана 1963 – жылы курулган. Бүгүнкү күнү 1390 окуучу билим алышат. Жаңы мектептин куруу үчүн каражат 2013-жылдын бюджетине “капиталдык курулуш” статьясына киргизилген жана аны учурда Жогорку Кеңеш кароодо.
Ошондой эле Октябрьское айылынын тургундары Вице-премьер-министрден 5 койкалуу төрөт бөлүмүн ачып берүүнү суранышты. Бул маселе боюнча Камила Талиева жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө материалдарды даярдап Өкмөттүн Аппаратына берүү тууралуу тапшырма берди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү