03
Декабрь
Бүгүн, 3-декабрда, Вице-премьер-министр Камила Талиева Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактын активдери менен жолугушуп, облустун социалдык-экономикалык маселелерин талкуулашты.
Вице-премьер-министр өз сөзүндө фасоль, картошка жана башка айыл-чарба продуктыларын өндүргөн дыйкандар аны сатууда бир катар кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышкандыгын айтты.
Талас шаарында картошканы кайра иштетип чыгаруучу заводду ишке берүү маселеси чечиле элек. Кыргызстан менен Индиянын ортосунда келишимдин Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялангандыгына карабай, 2004-жылдан бери Индиялык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр аяктай элек.
“Индия Өкмөтү тарабынан гранттык негизде 2,4 млн. доллар көлөмүндөгү жабдуу берилген. Сиздер дагы 7,5 млн. сом сурап жатасыздар. Эмне себептен ушул учурга чейин ал ишкана ишке киргизилбей жатат? Кайра иштетүүчү завод үчүн 200 тонна картошка даяр турат, бул сырье чирип кетпеш керек. Эгер, декабрдын ортосуна чейин бул ишкана ишке берилбесе, тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат”,- деди Камила Талиева.
Вице-премьер-министр социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү боюнча мерчемдер өз учурунда аткарылышы керек экендигин да кошумчалады.
Вице-премьер-министрдин бул иш сапары Өкмөттүн салыктарды өз учурунда чогултуу, токтоп калган ишканаларды кайра жандандыруу жана чарбалык объектилердин кышка карата даярдыгы боюнча буйругунун алкагында өтүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү