05

Февраль

2013

Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын Баткен, Ош облустарына болгон үч күндүк иш сапары башталды. Иш сапардын алкагында Камила Талиева Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын бүгүн болуучу жыйынына катышкандан кийин аталган облустун социалдык тармактарынын жана күч структураларынын жетекчилери менен жолугушат. Эртең Вице-премьер-министр К.Талиева . Кадамжай районундагы курулушу бүтпөй калган оорукананын абалы менен таанышат. Ош областында Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган иштерман Жылынын аткарылыш алкагында ишкер аялдар менен жолугушуусу, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош областтык мамлекеттик администрациясынын коллегияларында катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Камила Талиева айрым социалдык объектилердин абалы менен таанышат. Анын ичинде Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагындагы Токтогул атындагы орто мектеп, ушул эле райондогу үй бүлөөлүк дарыгерлер борбору , Мангыт айыл аймагындагы Мангыт айылындагы 50 орундуу оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышуу бар. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү