23

Октябрь

2014

КР вице-премьер-министри А.Маматалиев БУУ Баш катчысынын Атайы өкүлү менен кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулады

22-октябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев БУУ Баш катчысынын Атайы өкүлү, БУУ Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатия боюнча Аймактык борборунун башчысы, элчи Мирослав Енчаны кабыл алды.

Элчини кабыл алууда Абдырахман Маматалиев БУУ Борбор Азия үчүн превентивдик дипломатия боюнча Аймактык борборуна аймак өлкөлөрү ортосундагы кызматташууну чыңдоого багытталган аракети үчүн ыраазычылык билдирди.

Вице-премьер-министр Мирослав Енчага учурдагы өлкөдөгү коомдук жана ички саясый абал, укук коргоо жана сот тутумундагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупцияга каршы күрөш жаатындагы жылыштар, ошондой эле 2015-жылкы парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүп алууга карата даярдыктар тууралуу маалымдады.

Абдырахман Маматалиев белгилегендей, Эл аралык коопсуздукка көмөктөшүүчү күчтөрдүн Афганистандан чыгарылышына байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жарандык жана улуттар аралык каршылашуунун күчөшү тууралуу маселе актуалдуу болууда.

“Аталган көрүнүштүн жагымсыз жагы катары бийликке талибдер келип, анын терс таасири Борбор Азия мамлекеттерине тийиши мүмкүн. Тобокелдиктердин катарына аталган аймактарда согуш аракеттеринин, жарандык согуштун жайылтылышы кирет. Афганистан аймагынан качкындардын массалык түрдө агылышы да мүмкүн», — деди вице-премьер-министр.

Мындан тышкары, ал Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу баңгизат ташуу көлөмүнүн жогорулоо маселеси аймактын коопсуздугуна коркунуч туудурчу негизги себеп болушу ыктымал экендигин белгиледи.

А.Маматалиев белгилегендей, Ирак жана Сирияда болуп жаткан окуялардын алкагында алып караганда, Афганистандан өзгөчө Фергана өрөөнүнө ислам радикализми кирүү коркунучу көбөйүүдө.

“Буга байланыштуу экстремисттик топтордун биздин аймакка кирүүсүнүн жана алардын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө согуштук аракеттерге катышуу үчүн агылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча биргелешкен күч-аракетти күчөтүүбүз керек», — деди ал.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан чектеш мамлекеттер менен чекара жаатында жалпыга таанылган эл-аралык укуктук нормалардын негизинде тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен кызматташууга чоң маани берет жана чекараны аныктоо боюнча тараптар аралык өз-ара пайдалуу чечимге келүүгө умтулат. Анын айтымында, аталган тармактагы баарлашууну алга жылдыруу Борбор Азиядагы абалдын тийиштүү деңгээлде турукташына көмөк берет.

Вице-премьер Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чекарасын юридикалык жактан каттоону жыйынтыктоо иштеринин кыйынчылыктарына токтолду, мында мурунку СССР курамына кирген республикалардын административдик-аймактык бөлүнүү боюнча укуктук документтерине ар-кандай чечмеленишине байланыштуу маселелер келип чыгууда.

Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чекараларындагы чыр-чатактуу абал чыгып кетүү мүмкүндүгүн эске алуу менен вице-премьер-министр БУУ тараптан аны кыскартууга карата көмөк көрсөтүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

А.Маматалиев БУУ тараптан берилген көмөк чекара, картографиялык жана башка кызматтарга карата, ошондой эле чектеш райондор калкынын турмуш шартын жакшыртууга багытталуусу максатка ылайык болооруна токтолду.

БУУ тараптан Кыргызстанга көмөк көрсөтүү ишинин алдыңкы катарына кыргыз адистери үчүн чекараларды демаркациялоо жана демаркациялоо жаатындагы эл аралык укукту терең иликтөө боюнча курстарды уюштуруу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, Кыргызстан үчүн карталарды түзүү боюнча заманбап технологиялар, тактап айтканда, спутниктик тартып алуулар жана ыкчам максаттарда спутниктик маалыматты пайдалануу боюнча БУУ программа тажрыйбасы кызыкчылык туудураарын билдирди.

Өз кезегинде Мирослав Енча жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан иштерине жогору баа берди. Мындан тышкары, Аймактык борбор жетекчиси БУУ Кыргызстанды өнүктүрүүгө карата тийиштүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Натыйжада тараптар келечекте кызматташууну кеңейтүүгө карата даярдыгын билдиришти.