30
Октябрь
2014
Вице-премьер-министр КР А.Маматалиев ички иштер министринин жаңы орун басарын тааныштырды
Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Ички иштер министрлигинин ички курамына министрлик жетекчисинин орун басарлык кызматына дайындалган Рыскулбек Жапаркуловду тааныштырды.
Эскертсек, тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон. Буга дейре милициянын полковниги Р.Жапаркулов КР Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын начальниги кызматын аркалаган.
Вице-премьер-министр Рыскулбек Жапаркуловдун жеке кесипкөй сапаттары, билими жана иш тажрыйбасы жаңы кызматында өз пайдасын берээрине ишеним билдирди жана ага жаңы кызматындагы жоопкерчиликтүүлүк мамилени жана ийгиликтерди каалады.
Мындан тышкары, Абдырахман Маматалиев кыргыз милициясынын негизделгендигине 90 жыл толгондугуна байланыштуу жалпы ички иштер орган кызматкерлерин жана ардагерлерин бул маанилүү дата менен куттуктады.
“Бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан ички иштер органдарын реформалоо калктын милицияга карата ишенимин жана милициянын аброюн көтөрүүгө багытталышы тийиш. Ички иштер органынын жеке курамынын ырааттуу ишине жараша өлкө туруктуу, укуктук жана демократиялык мамлекетке айланышына ишеним бар”, — деди вице-премьер-министр.
Абдырахман Маматалиев эскерткендей, ал бүгүн КР ИИМ кызматкерлери үчүн салынуучу турак-жайдын жерпайына капсула салуу аземине катышкан.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү