30
Октябрь
Вице-премьер-министр А.Маматалиев: «Укук коргоо орган кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү жөнүндө камкордук көрүү милиция органдарында башталган реформалардын маанилүү аспекти болуп саналат»
Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн курулуучу турак-жайдын жерпайына капсула коюу аземине катышты.
“Укук коргоо орган кызматкерлеринин күнүмдүк иши тобокелдиккке байланыштуу болгондуктан, алар мамлекет тарабынан татыктуу колдоого алынышы кажет. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрү жана укук коргоо орган кызматкерлери үчүн социалдык турак-жайды куруу маселесин жеке көзөмөлүнө алды», — деди салтанат учурунда Абдырахман Маматалиев.
“Укук коргоо орган кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү жөнүндө камкордук көрүү, алардын социалдык-турмуштук шартын жакшыртуу милиция органдарында башталган реформалардын маанилүү аспекти болуп саналат», — деди А.Маматалиев.
Ал белгилегендей, акыркы кездерде укук коргоо орган кызматкерлерин социалдык жактан коргоону күчтөндүрүүгө жана айлык акысын жогорулатууга багытталган чаралар кабыл алынган.
Вице-премьер-министр кызматкерлердин ишке берилгендиги, ак ниеттүүлүгү жана кызматтык милдеттерге карата жоопкерчиликтүү мамилеси милицияга болгон элдин ишенимин кайтарууда маанилүү шарттардан болуп саналаарын билдирди.
Абдырахман Маматалиев жалпы кызматкерлерди кыргыз милициясынын негизделгендигине 90 жыл толушу менен куттуктап, аларга чың ден-соолук жана иштериндеги ийгиликтерди каалап кетти.
Белгилесек, Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда милиция кызматкерлери үчүн турак-жай комплекси курулуп баштады, анда 180 квартиралуу үч тогуз кабаттуу там салынмакчы. Биринчи үй 2015-жылдын жай айларына карата бүткөрүлөт. Анда 72 эки бөлмөлүү жана 108 бир бөлмөлүү квартира каралган.
Ошондой эле Ош жана Баткен шаарларындагы укук коргоо орган кызматкерлери үчүн эки көп кабаттуу турак-жайдын салынышы пландаштырылууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү