16

Октябрь

2014

КР вице-премьер-министри А.Маматалиев БУУ Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Йоханн Сиффоант менен жолугушту

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасындагы БУУ Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Йоханн Сиффоант менен жолугушту.

Абдырахман Маматалиев белгилегендей, «Кыргызстан БУУ Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүн жогору баалайт жана аны менен кеңири кызматташууну чыңдоого чоң маани берет».

Ал белгилегендей, Кыргызстандын БУУнун 1951-жылкы Качкындар макамы жөнүндө конвенциясына жана 1967-жылкы Протоколуна кошулган күнүнөн тарта 18 жылдан ашуун мезгилде Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгүнүн активдүү көмөктөшүүсүндө көптөгөн иштер аткарылды. Алсак, качкындар макамын аныктоо боюнча механизмдер жана тийиштүү процедуралар киргизилип, мыйзамдык база уюшулган, алардын маселесин чечүү боюнча натыйжалуу чаралар ишке ашырылууда. Натыйжада, Кыргызстанда качкындардын саны бир топ кыскарууда, ал өз кезегинде өлкөдөгү миграциялык процесстерди жөнгө салууда оңдуу фактор катары саналат.

Абдырахман Маматалиев БУУ Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгүнө миграция жана качкындар абалы жаатындагы аймактык кызматташууну чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгүнүн программа, долбоорлорун колдоого алууга жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Маалымдама:

1995-жылы КР БУУ Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгү ачылган. Учурда ошондой эле көчмө кеңсеси иш алып барууда жана Ош шаарында гуманитардык жардам боюнча кампасы жайгашкан.

Кыргыз Республикасы 20 миңден ашуун качкынга эл аралык коргоо жардамын көрсөткөн.

2002-жылдын 25-мартында “Качкындар жөнүндө” КР Мыйзамы кабыл алынган, ал Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгүнүн корутундусу боюнча, эл аралык стандартка толугу менен дал келет.

Кыргыз Республикасынын “Качкындар жөнүндө” Мыйзамынын жобосун ишке ашыруу максатында КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги №188-Токтому аркылуу качкындар менен иштөө тууралуу Жобо кабыл алынган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Качкындар жөнүндө” Мыйзамын пайдалануу боюнча тийиштүү документтер жана көрсөтмөлөр үлгүсү бекитилген.

Качкындарга медициналык жардам көрсөтүү жаатында 2002-жылдын августунан тарта БУУ Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгү жана КР Саламаттык сактоо министрлиги ортосунда кызматташуу тууралуу Келишим түзүлгөн, ал баш коргоо издеген качкындарга жана жактарга КР жарандары менен катар медициналык жардам алууга мүмкүндүк берет.

2013-жылы БУУ Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалык өкүлчүлүгү КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иш алып баруу бөлүмүнө баш корго издеген жактарды каттоо үчүн электрондук маалымат базасын орнотууга көмөк көрсөткөн.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү