18

Сентябрь

2014

КР вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик технологиялык университетин 60 жылдык юбилейи менен куттуктады

Бүгүн, 18-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев КР Өкмөтүнүн атынан И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик технологиялык университетинин профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерин окуу-жайдын 60 жылдык юбилейи менен куттуктады.

А.Маматалиев өлкө үчүн суроо-талапка ээ болгон инженердик адистерди даярдап чыгаруудагы КМТУ ордун жогору баалады.

“Туура 60 жыл мурда Исхак Раззаковдун жеке демилгеси боюнча Фрунзе политехникалык институту ачылган, ага инженердик адистерди даярдап чыгаруу боюнча бир катар милдеттер жүктөлгөн. Алдыга коюлган милдеттерди институт ийгиликтүү аткарып жана жаңы муундагы адистерди тарбиялоо ишин улантып келүүдө. Институттун 100 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан экономикасынын бардык тармактарында эмгектенип, ал эми басымдуу көпчүлүгү ири ишкана жетекчилери болушту. Исхак Раззаков тарабынан коюлган милдеттер бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготкон жок. Анткени 2017-жылга чейинки Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу алкагында энергетика, транспорт, коммуникация, жер казнасын пайдалануу тармактарында ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда, бир катар пландаштырылган инвестициялык долбоорлор баштапкы баскычта, алардын келерки пайдаланылышы жогорку деңгээлдеги инженерлерди талап кылат, алар Кыргыз Мамлекеттик технологиялык университети тарабынан даярдалат», — деди вице-премьер-министр.

А.Маматалиев белгилегендей, Кыргызстандын бажы биримдигине кошулуусуна байланыштуу келечектүү багыттар ачылат. “Ар-кыл тармактагы өздүк өндүрүштү кайра жаратуу үчүн күчтүү түрткү пайда болот. Саналып өткөн пландарды ишке ашырууда жаңыча ой жүгүртө алган жаңы муун адистери талап кылынат. Мунун бардыгы университеттин студенттери алдында өз мүмкүндүктөрүн ачуу үчүн чоң шарт түзөт», — деди ал.

Өз сөзүнөн соң вице-премьер-министр КМТУ профессорлору Суран Абакиров, Бекжан Төрөбеков жана Парида Бостоновага КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү