20

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматына техника тапшыруу салтанатына катышты

Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев БУУ баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматына техника тапшыруу салтанатына катышты.

“Баңгитрафик жана анын саркындылары ар-бир мамлекеттин күн тартибиндеги актуалдуу маселелердин бири катары саналат. Бул көйгөй менен көп багыттуу жана кеңири масштабдуу ыкманы жана колдогу бардык каражат жана мүмкүндүктү пайдалануу менен күрөшүү зарыл», — деп белгиледи өз сөзүндө Абдырахман Маматалиев.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясынын, Европа биримдиги өлкөлөрүнүн, АКШ, Япониянын, Казакстандын донорлоруна жана БУУ баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына “Кыргыз Республикасынын баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматынын мүмкүндүгүн чыңдоо” долбоорунун алкагында көрсөтүлгөн көмөк үчүн ыраазычылык билдирди.

“Баңгизатка байланыштуу кылмыштуулук кеңейип, улуттук коопсуздук үчүн кооптонууну жаратууда. Менин ишенимимде, миңдеген жашоолорду алып, коомчулук жана үй-бүлө биримдигине залакасын тийгизген көйгөйгө каршы багытталган күрөш сөз жүзүндө гана колдоого алынбастан, ар-бир жарандын жарандык көз-карашы катары кабылданат”, — деди Абдырахман Маматалиев.

Жыйынтыгында ал Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматы жана БУУ баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эки тараптуу кызматташуусу баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш багытында улантылып, көптөгөн мыкты натыйжаларды берээрине ишеним билдирди.

Эскертсек, БУУ баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын “Кыргыз Республикасынын баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматынын мүмкүндүгүн чыңдоо” долбоору 2011-жылдын август айынан тарта ишке ашырылууда. Анын негизги донорлору катары АКШ жана Россия эсептелет. Долбоор мамкызматка атайы жабдуу, автотранспорттук каражат берүүгө жана кызматкерлерди окутууга, кызматтын укуктук жана кесиптик мүмкүндүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Бүгүн аталган долбоор алкагында КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматына «Форд-рейджер» автоунаалары жана компьютердик жана лабораториялык жабдуулары тапшырылган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү