23

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баткен облусундагы автожолдун курулушун көзөмөлдөдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусундагы Көк-Таш — Ак-Сай жана Рават – Ак-Сай автожолунун курулушун көзөмөлдөөнү жыйынтыктады.

Белгилесек, Баткен районундагы Ак-Сай айылында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин Тажикстан Республикасынын транспорт министринин биринчи орун басары Шерали Ганджалзода менен жолугушуусу орун алган.

Эскертсек, А.Маматалиев Баткен облусунда эки күндүк иш сапары менен жүрөт, анын максаты – калкты жана экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча облустук жана райондук штаб ишин көзөмөлдөө.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү