24

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча штабдардын ишин сынга алды

Бүгүн, 23-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусу боюнча өз сапарынын жүрүшүндө күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча штабдардын ишин сынга алды.

Тактап айтканда, штабдар жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, облустун тургундары жана социалдык мекемелер жылытуу мезгилине толук даярдык көрө элек.

Мындан тышкары, А.Маматалиев ЖМКларда Баткен облусунун тургундары тараптан соцтармактарда электр энергиясын эскертүүсүз түрдө 14-16 сааттан өчүрүп жаткандыктары тууралуу маалыматтар пайда болуп жаткандыгын белгиледи.

“Мындай өчүрүүлөрдүн убакыт аралыгын ким орноткон, эмне себептен электрди пайдалануу чеги жана өчүрүүлөр графиги калкка жеткирилген эмес», — деген суроолорду койду вице-премьер-министр.

Белгилей кетчү нерсе, А.Маматалиев менен бирге Баткен областында КР Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин өкүлдөрү да жүрөт, алар электр энергетикасындагы жаңы тарифтик саясат боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эскертсек, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарында жергиликтүү активдердин жана айылдык кеңеш депутаттарынын катышуусунда жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйындары өткөн.

Эртең А.Маматалиевдин КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына жана Баткен облусунун түзүлгөнүнө 15 жыл толгондугуна байланыштуу илимий-практикалык жыйынга катышуусу пландаштырылган.

Вице-премьердин иш сапары Баткен шаарын жылытуу мезгилине даярдоо боюнча селектордук кеңешмеге катышуусу менен жыйынтыкталат.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

 

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү