22
Сентябрь
КР вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусуна жөнөп кетти
Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусуна жөнөп кетти.
Сапардын негизги максаты катары калктын жана экономика тармактарынын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча облустук жана райондук штабдарынын ишин текшерүү болуп саналат.
Ошондой эле Абдырахман Маматалиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду – Максат автожолундагы эки көпүрөнүн жана ага жакын жайгашкан жол тилкелерин курулушунун жүрүшү менен таанышат. Андан соң ал Сүлүктү, Исфара жана Баткен шаарларындагы буу казандардын жана оорукана жана мектептердин жылытуу мезгилине карата даярдыгын көзөмөлдөп, калкка сатылчу көмүрдүн баасы, анын сатылышы жана ага карата суроо-талап менен таанышып чыгат.
Сүлүктү шаарында вице-премьер-министр штабдын иштиктүү жыйынын өткөрөт, анда мамадминистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрү жана көмүр ишкана жетекчилери катышат.
Эртең, 23-сентябрда Баткен шаарын жылытуу мезгилине даярдо боюнча облустук селектордук жыйын өткөрүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү