23
Октябрь
КР вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусуна учуп кетти
Бүгүн, 23-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусуна учуп кетти. Аны менен бирге КР Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин өкүлдөрү да жөнөп кетишти.
Сапардын негизги максаты катары күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдардын ишин көзөмөлдөө жана электр энергетикасындагы жаңы тарифтик саясат боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эсептелет.
Кызыл-Кыя, андан соң Баткен шаарында жергиликтүү активдердин жана айылдык кеңеш депутаттарынын катышуусунда жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйындары өтөт.
Ошондой эле иш сапар алкагында Абдырахман Маматалиевдин КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Баткен облусунун түзүлгөнүнө 15 жыл толгондугуна байланыштуу өтчү коллегиялык жыйынына катышуусу пландаштырылган.
Иш сапары Баткен шаарын жылытуу мезгилине даярдоо боюнча селектордук кеңешме менен жыйынтыкталат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү