05

Март

2015

КР вице-премьер-министри Валерий Диль «КЭЧ-2» буу казандарынын ачылышына катышты

Бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль борбордун Аскердик шаарчасында жайгашкан «КЭЧ-2» буу казандарынын ачылышына катышты. Буу казанды реконструкциялоо жылуулук энергиясына карата орнотулган мамлекеттик тариф жана анын өздүк наркы ортосундагы айырмачылыкты жабууга кеткен бюджеттик салымдарды кыскартуу максатында ишке ашырылган. Бүгүнкү күндө буу казан көмүр аркылуу жылытылууда. Буу казан аркылуу 3000 ашуун керектөөчү (37 көп кабаттуу үй жана бала-бакча) колдонот. Буу казан кызматкерлери эскирген жабдуулардын иштешин кармап турууга аракет жасап, ага катар жаңы жабдууларга алмаштырышкан. Мындай чечим буу казандын ишин токтотпостон, суук мезгилде керектөөчүлөрдү жылуулуксуз калтырбоого мүмкүндүк түзгөн. Буга байланыштуу реконструкциялоо иштери жазында аяктаган. Буу казандын конуштарга жакын жайгашкандыгына байланыштуу обьектиден чыккан зыяндуу түтүндү эки ирет тазалоочу тутум пайдаланылат. Ага жараша чыккан түтүн түссүз болуп саналат. Валерий Диль аталган обьектинин өзгөчөлүгүн белгилеп, аталган долбоорго карата инвестициялардын кайтарымдуулук мөөнөтү бир жылдан ашпайт. Реконструкциялоо алкагында жалпы кубаттуулугу 7,74 МВт келген механикалык ыкма менен жылытылган үч суу жылытуучу казан жана заманбап жылытуу тутуму орнотулган. Ошондой эле көмүр жана калдыктарды сактоо үчүн жабык кампа салынган. “Биз ишмердүүлүгүбүздүн ар-кыл тармагына жаңы технологияларды киргизүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Учурда биз “Электрондук өкмөт” жана “Коопсуз шаар” сыяктуу маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу процессин баштан өткөрүүдөбүз”», – деди вице-премьер-министр. Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргызстан инновациялык долбоорлордун аянтчасы болуп саналат, бирок инвестициялоо маселеси жаңылыктарды толук кандуу ишке ашырууга мүмкүндүк бербейт.   «Биз заманбап шаар жана калк үчүн ыңгайлуулук түзүүгө умтулабыз, бирок бардыгы барып финансы маселесине такалат. Биз бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга аракет кылуудабыз, бирок, сиздер билгендей, бүгүнкү күндө социалдык тармакка бюджеттик каражаттын 54% ашууну багытталса дагы, ал сумма жетишпей жатат», – деди Валерий Диль.

[su_carousel source="media: 51232,51226,51230,51227,51229,51224,51228,51233,51231" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү