08
Май
2015
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Макай Усуповду Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады
Бүгүн, 8-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Макай Усуповду Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.
Вице-премьер ардагерге өлкөнүн Президенти тарабынан уюштурулган “Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына” арналган юбилейлик медалды тапшырды. Ошондой эле ал ардагерге Өкмөт жетекчилигинин жана КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Профсоюздук комитетинин атынан акчалай сыйлыкты тапшырды. Ал эми КР Коргоо министрлигинин Аскер комиссариатынын өкүлдөрү ардагерге салттуу эсептелген аскердик паекту тапшырды.
А. Маматалиев белгилегендей, Макай Усупов согуштун канын кечип, Берлинге жетип Жеңишти тосуп алган каарман аскерлерибиздин бири эсептелет. “Тынч заманда согуш командири белгилүү коомдук ишмер жана окумуштуу катары эмгектенди. Макай Усуповдун согуштук тажрыйбасы жана бүткүл жашоосу биз жана өсүп келе жаткан муун үчүн мыкты өрнөк боло алат. Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана Өкмөт ардагерлерибиздин камкордук жана жылуу мамиледен кем болбоосу үчүн колдон келген аракетин кылат”, — деди А. Маматалиев.
Ардагердин уулу Марат Усупов вице-премьерге ардагер тарабынан конкреттүү фактылардын негизинде илимий түрдө жазылып чыккан “Эскерүү китебин” жарыкка чыгарууга көмөк көрсөтүүсүн өтүндү. “Китепте Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымы фактылардын негизинде так берилген. Китеп биздин атабыздын доктордук иликтөөсү деп айтсак болот, ал мунун үстүндө бир катар жыл эмгектенген. Китептин көлөмү – 50 басма табактан жана 8 главадан турат, ал КР Улуттук Илимдер академиясынын Окумуштуулар кеңеши тарабынан каралып чыгып, бекитилген. Бүгүнкү күндө баалуулуктарга кайрадан баа берилүүдө, ал эми китепте көптөгөн адамдарга белгисиз болгон тарыхый фактылар айтылган. Ал биздин үй-бүлө жана атабыз үчүн гана маанилүү болбостон, жалпы Кыргызстан үчүн да мааниси зор”, — деди М. Усупов.
Вице-премьер Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Кыргызстандын белгилүү жараны жана окумуштуусу тарабынан жазылган китептин жарык көрүүсүнө колдон келген көмөгүн көрсөтө тургандыгын убадалады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү