16
Апрель
2015
Абдырахман Маматалиев Ош облусундагы Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин көчмө жыйынына катышат
Бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Ош облусуна иштиктүү сапар менен учуп кетет.
Иштиктүү сапар алкагында вице-премьер-министр Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин көчмө жыйынына, ошондой эле КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматтын 2015-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын ишине катышат.
Белгилесек, координациялык комитеттин жана коллегиянын учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизатка каршы программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын Ош облусунда жан Ош шаарында аткарылышы талкууланат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү