26
Октябрь
Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Жоруктардын бирдиктүү реестры, ошондой эле Кылмыштардын бирдиктүү реестрынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына барды. Анын алкагында Максат Мамытканов ИИМге караштуу Жоруктардын бирдиктүү реестрынын иши менен таанышты.
Белгилей кетүүчү жагдай, Бирдиктүү реестр - 2019-жылы эксплуатацияга киргизилген катталган мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн иштелип чыккан жана мыйзам бузуулар боюнча иштерди кароого ыйгарым укуктуу 28 мамлекеттик органдан турган борборлоштурулган маалымат базасы.
Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин маалыматын угуп, бул реестрдин иштеши жооптуу кызматкерлердин ишин бир топ жеңилдетерин белгиледи.
«Бул системаны мындан ары да модернизациялоонун мүмкүнчүлүгүн караш керек, ошол эле учурда маалыматтык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу керек», - деп Максат Мамытканов кошумчалады.
Андан соң вице-премьер-министр Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына барып, Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрынын иши менен таанышты.
Бул реестр 2019-жылы кылмыштарды жана жоруктарды каттоого жана эсепке алуу жана жарандардан кылмыштар жана кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү кабыл алуунун, каттоонун бирдиктүү тартибин түзүү үчүн киргизилген. Реестрге укук коргоо органдары кошулган.
Вице-премьер-министр аталган реестрди ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баа берди жана автоматташтырылган тутум укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн гана эмес, биринчи кезекте республиканын жарандары үчүн түзүлгөндүгүн, алар кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүн, арызды кабыл алуудан ишти сот органдарына өткөрүп берүү процесстерине чейин уюлдук телефон аркылуу көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгиледи.
Өз кезегинде, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери вице-премьер-министрге жаңы кылмыш-жаза мыйзамдарындагы кемчиликтер боюнча сунуштар менен кайрылышты. Тактап айтканда, ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу керектиги белгиленди.
Кызматкерлердин сунуштарын уккан вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Өкмөттүн Аппаратына айтылган маселелерди чечүү боюнча кыска мөөнөттүн ичинде сунуш киргизүү тапшырмасын берди.
Жыйынтыгында ал коюлган бардык милдеттерди чечүүдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.