21

Октябрь

2020

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Ички иштер министрлигинин жамаатына ички иштер министрлигинин орун басарларын тааныштырды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына ички иштер министрлигинин орун басарлары Урмамбетов Октябрь Жолдошовичти жана Аширходжаев Эркебек Жумабековичти тааныштырды.


Вице-премьер-министр белгилегендей, Ички иштер министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө.


«Коомчулукта укук коргоо органдарынын дарегине олуттуу сын-пикирлер айтылууда, сиздер жарандардын милицияга карата ишенимин кайтарууга колдон келген күч-аракетти жумшаарыңыздарга ишеним билдирем. Жооптуу кызматта ишиңиздердин ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалайм», - деп жыйынтыктады ал.