08

Июнь

2017

Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Жакынкы арада санариптик экономика социалдык-экономикалык ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүн камтыйт

Жакынкы арада санариптик экономика социалдык-экономикалык ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүн камтыйт. Бул  тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 8-июнда,  «Аймактарды өнүктүрүүдө ЕАЭБ рыногунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү» аталышындагы конференцияда билдирди.

«Санариптик өнүгүү ЕАЭБ алкагындагы негизги приоритеттүү багыттардын бири. Санариптик күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттарын даярдоо: өнөр жай, соода жана кызмат көрсөтүү рынокторунда санариптик өзгөрүү, биригүү жараяны жана санариптик объектилерди өнүктүрүү маселелери боюнча багытталууга тийиш. Белгилей кете турган болсок, Кытай, Индия, Түркия, Европа, түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрү, Кыргызстан ЕАЭБ терезеси катары болуп, аны менен бирге өздөрүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу «санариптик хабка» айланат», – деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргызстан ЕАЭБ менен биргеликте санариптик экономикага өтүүгө күч жумшап жатканын баса белгиледи.

«Жогорку технологиядагы  «Таза Коом» долбоору өлкөдөгү заманбап экономиканы чагылдыруудагы жаңы чакырыктардын – санариптик экономиканын негизги маселелерин чечет. Санариптик экономика элдин жыргалчылыгы үчүн бизнес жана жөнөкөй жарандардын пайдасы үчүн кызмат кылышы керек», - деди ал.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, ЕАЭБ кирүүдөгү негизги милдеттеме катары Кыргызстан 2017-жылы экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы соода алмашуудагы тоскоолдуктарды алып салуу жана аталган интеграциялык биримдиктин ичиндеги өзгөчө чектөөлөрү алуу өлкөнүн негизги тапшырмаларынан болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү