21
Март
Вице-премьер-министр Олег Панкратов: Жаздын келишин жана жаратылыштын жаңылануусун даңазалаган Нооруз майрамы элдерге жаңы үмүт кыялдарды алып келет
«Нооруз бай тарыхты өзүнө камтыган улуу майрам. Кылымдардан бери кыргыз эли бул майрамды үзгүлтүксүз белгилеп келе жатат. Нооруз-мамлекеттик деңгээлдеги жалпы улуттук майрам. Жаз жаңыргандагы улуу күндө элдер келечекке болгон ой-тилектердин орундалышын жана жакшылыктары күтүшөт. Байыртадан кыргыз эли ушул күнү үйгө кут береке орноп, бакыт, ийгилик кошо келет деп, ишенип келишкен. Жаратылыш жаңыргандагы Нооруз майрамы калк арасында бакыттын, жаңылануунун символу катары келе жатат. Бул күнү эски таарынычтарды унутуп, эң жакшы каалоо тилектер менен элдер бири-бирин ынтымакка кечиримдүүлүккө үндөп майрамдашат», - деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов бүгүн, 21-мартта, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чарада.
Ысык-Көл облусунун тургундарына кайрылып жатып, вице-премьер-министр Олег Панкратов 2016-жыл бардык кыргызстандыктар үчүн оор жыл болгонун баса белгиледи.
«Бирок ошол кыйынчылыктарга карабастан, биз экономикалык темптин ылдый түшүүсүнө жол бербей кармап кала алдык. 2016-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 458,0 млрд сомду түзүп, ата мекендик экономиканын өсүшү 103,8 % болду. Кыргыз экономикасынын өнүгүүсүнө Ысык-Көл облсунун кошкон салымы зор. 2016-жылы облустагы өнөр жай ишканалары 51 846,1 млн сомдук продукция өндүргөнгө жетишип, бул жалпы республикадагы өндүрүштүн 25,3% түздү. Ысык-Көл облусунун айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн эске алсак, ЕАЭБ алкагында ВСП+ жеңилдиктери аркылуу аймактын экологиялык жактан таза азыктарды Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге экспортко чыгарууга зор мүмкүнчүлүгү бар», - деди вице-премьер-министр Олег Панкратов.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов бардык Ысык-Көл облусунун тургундарына бакыт, бекем ден-соолук, ийгилик каалап, Нооруз майрамында улуттук биримдиктин жана улуттар аралык ынтымак ырашкерликтин бекемделишине ишеним артарын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү