07
Октябрь
2014
Вице-премьер-министр Т.Сарпашев: «Араб координациялык тобу 20 ашуун инвестициялык долбоорлорду карап чыгат»
Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 1-ноябрына дейре Бишкекте өтүүчү Араб координациялык тобунун II тегерек стөлүн өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү.
Форум ишинин жүрүшүндө Кыргызстан араб өлкөлөрүнүн инвесторлорунун кароосун сунуштаган энергетика, саламаттык сактоо, айыл чарба, транспорт, туризм, курулуш жана билим берүү жаатындагы бир катар долбоорлор каралат. Тактап айтканда, кеп тамчылатып сугарууну кеңейтүү, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй жана Ош облустарындагы ирригациялык каналдарды куруу жана реконструкциялоо тууралуу жүрмөкчү. Ошондой эле долбоорлордун катарында жогорку кубаттуулуктагы зымдарды өткөрүү, автожолдорду реконструкциялоо жана реабилитациялоо жана башка маселелер бар.
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, жалпысынан маморгандардан 20 ашуун инвестициялык долбоорлор келип түшкөн.
“Англис тилиндеги бардык долбоорлор араб тарапка берилет. Алар боюнча предметтик талкуу үстүбүздөгү айдын соңунда өтүүчү инвестициялык форумдун жүрүшүндө өтөт. Негизги көңүл экономикабыздын келечектүү багыттары болуп эсептелген - айыл чарбага инвестиция тартууга бурулат”, — деди ал.
Кеңешменин соңунда Биринчи вице-премьер-министр маморгнадардын инвестициялык долбоорлор менен иштөөдөгү пассивдүүлүгүн белгиледи.
“Мындай иш ыкмасы менен сиздер инвесторлорду кызыктыра албайсыздар. Мамилени толугу менен өзгөртүү керек. Биздин өлкөнүн инвестициялык мүмкүндүгүнө кызыккан инвесторлор абдан көп, бирок алардын демилгеси мамлекеттик органдар тараптан жасалган көңүлкош мамиледен соң начарлап калууда», — деди Тайырбек Сарпашев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү