01
Февраль
31-январь, 2013-ж.
Бүгүн,31-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев КЭРге болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Лю Яньдун айым менен, жана Кытай Эл Республикасынын коммерция министринин орун басары мырза Ли Цзиньцзао менен жолугушту.
Сүйлөшүү учурунда тараптар КР Президенти А.Атамбаевдин 2012-жылдын июнь айындагы КЭРге жана КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Вэнь Цзябаонун былтыркы жылдын декабрында КРге болгон расмий сапарларынын жыйынтыктарын бийик баалашты.
Жолугушууларда эки тараптуу кыргыз-кытай соода-экономиклык актуалдуу маселелер талкууланды. Тараптар гидроэнергетика, тоо-кен, транспорт жана инфраструктура, айыл чарба тармактарындагы долбоорлорду мындан ары ишке ашырууну алдыга жылдырууну макулдашты. Анын ичинде,”Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушунун долбоору, авиациялык транспортторду берүү, Кытайга сүт азыктарын импорттоо жөнүндө өз болду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү