25
Май
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кытай корпорацияларынын жетекчилери менен Кыргызстан экономикасын колдоо боюнча инвестициялык долбоорлорду талкуулады
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кытай Элдик Республикасынын Сиань шаарында «Шэньси көмүр химиялык корпорациясынын» АКК жетекчиси Янь Гаунлао менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кара-Балта шаарындагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводун толук кубаттуулукка жеткирүү боюнча көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун талкуулады. Белгилесек, «Жунда» «Шэньси» корпорациясынын инвестициялык долбоору болуп саналат.
Тайырбек Сарпашев билдиргендей, Өкмөт заводдун толук кандуу иштешине кызыкдар жана тийиштүү көмөк көрсөтүүгө даяр. «2014-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджетке заводдон 1 млрд сомдон ашуун каражат түшкөн. Бул Кара-Балта шаарын жана Жайыл районун өнүктүрүүгө жакшы негиз түзөт. Завод толук кандуу иштеген учурда жергиликтүү бюджетке 5 млрд сомго дейре каражат түшөт. Мындан тышкары кошумча түрдө иш орундары түзүлөт. Өкмөт туруктуу ишке жана завод кубаттуулугун баскычтуу түрдө жогорулатууга кызыкдар», – деди вице-премьер-министр.
Корпорация жетекчиси Янь Гуанлао кошумча инвестицияларды салуу жана заводдун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча жакынкы пландары тууралуу айтып берди. «Заводдун келечеги жакшы. Унаага май куюучу станциялар тармагын, анын катарында Бишкектен Дүйшөмбү шаарына дейре газ станцияларын куруу пландаштырылууда», – деди ал.
Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар айтылган долбоорлорду ишке ашыруу жана көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча келечектеги кадамдар тууралуу макулдашты.
Андан соң Тайырбек Сарпашев Шэньси курулуш инженердик корпорациясынын төрагасы Яо Чаоин менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучулары инфраструктуралык инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде логистикалык борборлорду, узак мөөнөттүү ипотекага көп кабаттуу тамдарды жана Ысык-Көл жээгинде туристтик борборлорду куруу маселелерин талкуулады. Ошондой эле Ош шаарында Шэньси курулуш инженердик корпорациясы тарабынан оорукана куруу маселеси көтөрүлдү. Тараптардын макулдашууларына ылайык, жакын арада Кыргызстанга кытай делегациясы келет, анын катышуучулары Кыргыз республикасынын Өкмөтү менен келечектеги инвестициялык долбоорлорду тыкыр талкууга алат.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр кытай компанияларынын жетекчилерин 25-августта Ысык-Көлдө өтүүчү кыргыз-кытай инвестициялык форумуна катышууга чакырды.
[gallery ids="56013,56014,56015,56016,56017,56018"]КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү