15

Декабрь

2017

Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов РФ Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 15-декабрда, 6-кыргыз-россиялык аймак аралык конференцияга катышуу алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

«Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосундагы товар жүгүртүү болжол менен 1 млрд АКШ долларын түздү, бул өткөн жылкы көрсөткүчтөрдөн 300 млн АКШ долларына жогору. Мындан ары карай дагы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн аракеттенүү зарыл», - деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович маалымдагандай, аймак аралык кызматташтык форумуна Россия Федерациясынын аймактарынан бизнес өкүлдөрү келишкен.

«Форумга Россия Федерациясынын аймактарынан бизнес өкүлдөрү келишти. Биздин өлкөнүн кеңири масштабына жараша мындай тыгыз байланыштар абдан пайдалуу. Бизде экономикалык өнүгүү калыбына келүүдө, ошондуктан соода байланыштарын өркүндөтүү үчүн мыкты база бар, бирок кийинки баскычтарда инвестициялардын артынан соода өнүгөт. Ошол себептүү инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү үчүн чараларды кабыл алуу зарыл», - деди Аркадий Дворкович.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары россиялык тараптын активдүү катышуусу менен долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгына көңүл бурду.

«Мунун өзү биздин компаниялар мында иштөөсү үчүн биргелешип иш алып барууга зарыл. Кандай болгон күндө да бул өз-ара пайдалуу иш: мында жумушчу орундар түзүлөт жана жаңы продукция өндүрүлүп баштайт», - деп белгиледи Аркадий Дворкович.

Андан соң Толкунбек Абдыгулов белгилегендей, Премьер-министр Сапар Исаковдун Россия Федерациясына үстүбүздөгү жылдын сентябрь айындагы расмий сапарынын жүрүшүндө айыл чарба продукциясын түз ташуу маселеси талкууланган.

«Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматтын кароосунда 42 ишкананын продукциясынын тизмеси турат, аны текшерүүсүз өткөрүлүүсү үчүн ЕАЭБ тизимине киргизүү сунушталууда. Биз аталган маселени жакынкы арада оңдуу жагына карап берүүгө көмөк берүүңүздү өтүнөбүз», - деди вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Аркадий Дворкович россиялык тарап Кыргыз Республикасынан продукция ташуунун жогорулатылышына кызыкдар экендигин белгиледи.

«Жакынкы арада Мамайылчарбакөзөмөл сиздердин айыл чарба продукцияңыздарды тийиштүү реестрге киргизүү тууралуу ишти жүргүзөт. Бул лабораториялык жабдууларга да тийиштүү. Биз өткөн жылдары жана айларда өткөрүү пункттары жана лабораториялар, ошондой эле жалпы экономикалык мейкиндиктин башка элементтери боюнча жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууну улантабыз. Биз бул маселенин чечилишин создуктурбайбыз», - деп белгиледи Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары.

Ошондой эле Аркадий Дворковичтин пикиринде, учурда көйгөйлүү эсептелген долбоорлордун бири катары күн электростанциялары үчүн модулдардын өндүрүлүшү эсептелет. Андан соң ал мунай газ тармагындагы кызматташтыкка токтолду. Мындан тышкары билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу сөз жүрдү.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, аталган тармактагы өз-ара мамилелер да алгылыктуу өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө россиялык тарап 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн өз ЖОЖдорундагы квоталарды 400 орунга дейре көбөйттү.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары бидиргендей, россиялык тарап Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн квоталардын санын жогорулатууга даяр.

«Биз муну сиздердин республиканын ар-кыл тармактагы кесипкөй кадрларга муктаждыгын эске алуу менен баскыч-баскычы менен ишке ашырабыз. Бизде күчтүү ЖОЖдор бар жана көптөгөн жаштар бизден билим алууга умтулат деген ишенимдебиз», - деди ал.

Андан соң Аркадий Дворкович Дүйнөлүк универсалдык ЭКСПО – 2025 көргөзмөсүн өткөрүүгө Екатеринбург шаарынын талапкерлигин колдоп берүүнү өтүндү.

Жолугушууда Өкмөт аралык комиссиянын келерки кеңешмесин 2018-жылдын биринчи кварталында өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы белгилүү болду.

[su_carousel source="media: 108899,108898,108897,108896,108895,108900" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 108780,108781,108783,108784,108785,108786,108787" limit="70" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 107840,107839,107838,107837" limit="70" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 106821,106820,106819,106818,106817,106816,106815,106814,106813,106812,106811,106800,106801,106802,106803,106804,106805,106806,106807,106808,106809,106810,106799,106798,106796,106797,106794,106795,106793,106792,106791,106790,106789,106778,106779,106780,106781,106782,106783,106784,106785,106786,106787,106788,106777,106776,106775,106774,106773,106772,106771,106770,106769,106768,106767,106766,106765,106764,106763,106762" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 106326,106327,106328,106329" limit="21" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 105724,105725,105726,105727" limit="21" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 105085,105086,105087,105088,105089,105090,105091" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 104417,104418,104419,104420,104421,104422,104423,104424,104425,104426,104427" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 103362,103363,103364,103365" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100814,100815,100816,100817,100818,100819,100820,100821,100822,100823,100824,100825,100826,100827,100828,100829,100830,100831,100832" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 100572,100573" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 86548,86551,86552,86549,86553,86554,86555,86556,86550"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү