21

Ноябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль: «Дастан” заводунун келечеги Россиядан келчү буйрутмаларга байланыштуу»

Бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Россиядан келген делегация менен биргеликте «Дастан» улут аралык корпорациясына барды.

Дастан заводуна буйрутма берүү максатында келген Россиялык делегацияны «Восток гидромаштын» башкы директору Вячеслав Быков жетектеп жана Россия Федерациясынын аскер-өнөр-жай комплексинин өкүлдөрү коштоп келген.

Заводду барып көрүүдө Вячеслав Быков белгилегендей, 2 жыл аралыгында 70 ашуун адистештирилген ишканаларды барып көргөн.

««Дастан» заводу мыктылардын катарындагы 10 ишкананын бири эсептелет жана аны заманбап жабдуу менен камсыздоо гана керек. Россия «Дастан» корпорациясы өндүргөн продукцияга кызыкдар болуп саналат. Биз заводду 5 жылдык буйрутма менен жүктөөгө даярбыз. Бул процесс узакка созулат, ошентсе да бул маселени көпкө создуктурууга болбойт», — деп белгиледи «Восток гидромаштын» башкы директору Вячеслав Быков.

Вице-премьер-министр белгилегендей, чечимдерди кабыл алууга кетчү убакытты кыскартуу керек.

“Ишкана бардык кыйынчылыктарга карабастан, чет жерлерде дагы муктаждыкка ээ болгон продукцияларды чыгарууга аракеттенүүдө. «Дастан” заводунун келечеги Россиядан келчү буйрутмаларга байланыштуу эсептелет», — деп белгиледи Валерий Диль.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү