17

Декабрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль: «Энергетика – бул Кыргыз Республикасынын инвестициялык келечеги»

Бүгүн. 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль «Tractebel Engineering» француз инжинирингдик компаниясынын вице-президенти Мишель Том-Буилжетекчилик кылган инвесторлордун делегациясын кабыл алды.

Делегация Кыргыз Республикасынын бизнес-абалы менен таанышуу жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышуу мүмкүндүгүн иликтөө максатында келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мишель Том-Буил компания ишмердүүлүгү жана компания тарабынан энергетика жаатында көрсөтүлүп жаткан тейлөөлөр жана өндүрүш тууралуу айтып берди.

Валерий Диль баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстан европа континентиндеги инвесторлорго өзгөчө кызыкдар экендигин билдирди.

«Учурда биз тең салмактанган саясатты түзүүдөбүз, анткени Кыргызстанда дүйнөнүн бардык бурчунан инвесторлор келүүсү керек. Биз француз компаниялары менен иштешүү тажрыйбабыз бар. Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселе – бул энергетикалык сектор, ошондуктан биз генерациялык кубаттуулуктарды түзүү боюнча ыкчам аракеттер программасын иштеп чыгуудабыз, анын көп бөлүгү гидроэнергетика менен байланыштуу. Энергетика – бул Кыргыз Республикасынын инвестициялык келечеги”, — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Маалымдама: «Tractebel Engineering» дүйнөдөгү плотиналарды жана ар-кыл кубаттуулуктагы ГЭСтерди курууга адистешкен алдыңкы эл аралык консалтингдик компаниялардын бири болуп саналат. Дүйнөнүн 70 өлкөсүндөгү 650 ашуун долбоорго катышкан.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү