23

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль: «Шаар жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү боюнча пландалган ишти ырааты менен аткарууда»

Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Бишкек шаарынын социалдык мекемелеринин жана буу казандарынын келерки 2014/2015-жылкы жылытуу мезгилине карата даярдыгын көзөмөлдөдү.

Иштиктүү сапардын жүрүшүндө Валерий Диль КЭЧ-1, КЭЧ-2, «Нур», «Ротор» аттуу төрт буу казанын, «Абдыкалыков» көмөкчордонун, «Азат» отун базасын, ошондой эле бир катар мектеп жана бала-бакчаларды кыдырып чыкты.

Жолугушуу учурунда мектеп жана бала-бакчалардын жетекчилери вице-премьер-министрге жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү иштери жыйынтыкталгандыгын маалымдады. Валерий Диль жеринде жылуулук тармактарын, щит түйүндөрүн жана буу казандарын карап чыкты.

Ошондой эле вице-премьер-министр газдаштыруу иштери пландаштырылып жаткан «Ала-Тоо» жаңы конушуна барды. Анда ал «Газпром Кыргызстан» ЖЧК борбордогу 22 жаңы конушту газдаштыруу долбоорун карап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле вице-премьер-министр орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты жана объектти өз мөөнөтүндө жыйынтыктап, пайдаланууга берүүнү тапшырды.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧК менен бирдикте жеке секторду газдаштырууну баштоо мүмкүндүгүн кароо зарыл. Бул учурда биз электр тармагына болгон жүктү олуттуу түрдө азайткан болот элек», — деди ал.

Бишкек шаары боюнча сапарында Валерий Диль белгилегендей, электр энергиясын үстөк колдонгон райондордо электр өчүрүүлөр орун алат.

“Бизге 2,3 млрд кВт/с үнөмдөө керек, бул бизге суу тартыштык мезгилиндеги жетишпеген кубаттуулук болуп саналат. Үнөмдөө эсебинен биз бул көрсөткүчкө чыгуубуз керек», — деп билдирди Валерий Диль.

Сапарынын соңунда вице-премьер-министр көмүргө карата бааларды себепсиз жогорулатууларды текшерүү максатында Октябрь районундагы «Азат» корпорациясынын отун базасына барды. Базадагы баа боюнча, бир тонна көмүр 3200 сомду түзгөндүгү анык болгон.

“Бүгүн, мен буу казандарды кыдырып көрүүдө, жалпысынан борборубуз келерки жылытуу мезгилине даяр экендигине күбө болдум. Шаардагы пландаштырылган иштер өз ырааты менен аткарылууда. Ошол эле учурда каржылоо өз маалында жүргүзүлүп жаткандыгы да маанилүү», — деди вице-премьер-министр.

Эртең, 23-сентябрда, вице-премьер-министр Валерий Диль Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи Май райондорунун кышка карата камылгасы менен таанышып чыгат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү