16
Июнь
Вице-премьер-министр Валерий Диль: «Кыргызстан “Жибек-Жолу экономикалык тилкесин” түзүү боюнча демилгени колдоого алат жана аталган долборду ишке ашырууга катышууга даяр»
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кытай Коммунисттик партиясынын БК саясый бюросунун мүчөсү, ККП БК саясый-юридикалык комиссиясынын катчысы Мэн Цзяньчжу менен жолугушуу учурунда билдирди.
“Кытай – Борбордук Азия” кызматташуу боюнча III Форум алкагындагы жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулады.
“Кыргыз тарап достук жана өз-ара түшүнүшүү негизиндеги орун алган мамилени баалоо менен катар аны тереңдетүүгө жана бекемдөөгө күч-аракетин жумшоого даяр. Биз КЭР Төрагасынын “Жибек-Жолу экономикалык тилкесин” түзүү боюнча демилгесин колдоого алабыз жана аталган долбоорго активдүү катышууга даярбыз», — деп белгиледи Валерий Диль.
Тараптар энергетика, айыл чарба, тоо-кен тармагы, инфраструктура жана транспорт жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты. Тактап айтканда, сөз “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолун куруу, Бишкек шаардык ЖЭБди модернизациялоо долбоорлору тууралуу жүрүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлган:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Элдик Республикасынын Өкмөтү аралык Кытай тараптан Кыргызстанга жеңилдетилген кредит берүүсү тууралуу рамкалык келишим;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан заемщик катары КР Финансы министрлиги жана Кредитор катары Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы аралык “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолу долбоору боюнча займ тууралуу өкмөттүк концессиялык келишим, Арал — Казарман (195-291 км) тилкеси;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан заемщик катары КР Финансы министрлиги жана Кредитор катары Кытай Экспорттук-Импорттук Банкы аралык “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолу долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик келишим, Арал — Казарман (195-291 км) тилкеси.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү