03

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль: «Чет элдик инвесторлорду колдоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу зарыл»

Бүгүн, 3-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль жеке секторду чет элдик компаниялардын жана финансылык институттардын каражаты эсебинен насыялоо механизмин иштеп чыгуу, ошондой эле эки тараптуу мамлекеттик инвестициялык фонддорду түзүү мүмкүндүгү боюнча кеңейтилген жыйын өткөрдү.

Жыйынга министрлик жана ведомстволордун, КР Улуттук банкынын, мамлекеттик банктардын жана ишканалардын, мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун өкүлдөрү катышты.

Инвестициялык тобокелчиликтерди камсыздоо жана саясый жана башка тобокелчиликтерди камсыздоого багытталган институттарды түзүү боюнча дүйнөлүк тажрыйба талкууланды.

“Салынган инвестицияларды камсыздоо жаатында чет элдик инвесторлорду колдоо боюна механизмдерди иштеп чыгуу зарыл», — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Кеңешме жыйынтыгында Валерий Диль биргелешкен фондуларды түзүү жолу аркылуу чет элдик инвестицияларды камсыздоо боюнча механизмдерди колдонуу мүмкүндүгүн тыкыр иликтеп чыгууну жана тийиштүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 43255,43254,43253,43252,43251,43250,43249,43248,43247,43246,43245,43244,43242" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү