27
Ноябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль Кыргызстан жана Германиянын финансылык кызматташуусун талкуулады
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Германия өнүктүрүү банк (KfW) башкармалыгынын мүчөсү Норберт Клоппенбург менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Германия аралык финансылык кызматташуу маселеси тыкыр талкууланды.
Белгилесек, KfW кызматташуу жылдары Кыргызстанга 242,8 млн евро көлөмүндөгү көмөк көрсөтүп, ал “Экономиканын туруктуу өнүгүүсү” жана “Саламаттык сактоо” багыттары боюнча жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары, тараптар гидроэнергетика тармагында кызматташуу келечегине басым жасап, Кыргызстандын ГФР алдындагы тышкы карызды конверсиялоо маселесин талкуулады. Германдык тарап кыргыз тарапка мындан аркы финансылык кызматташуу жана кичи жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча концептуалдык сунуштарды жөнөтүүгө даяр экендигин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү