17
Декабрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль реалдуу сектордун министрлик жана ведомстволору менен 2015-жылга карата Иш-аракет/милдеттенмелер планын талкуулады
Бүгүн, 17-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль республиканын реалдуу секторунун министрлик жана ведомство жетекчилери менен 2014-жылга карата Иш-аракет/милдеттенмелер планынын аткарылышы жана 2015-жылга карата пландарды талкуулоо боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт жана коммуникациялар, Энергетика жана өнөр-жай, Мамбайланыш агенттиги, Антимонополдук жөнгө салуу агненттиги, Маммүлктү башкаруу боюнча фонд, мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стратегиялык иликтөө институтунун жетекчилери жеке милдеттенмелеринин аткарылышынын жүрүшү жана көзөмөлдөгөн тармактардагы иштин жыйынтыгы тууралуу отчетторун сунуштады.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр реалдуу сектордун министрлик жана ведомстволору менен 2015-жылга карата Иш-аракет/милдеттенмелер планын талкуулады.
Вице-премьер-министр антикоррупциялык иш-чаралардын аткарылышына, инвестицияларды тартууга, алдыңкы технологияларды пайдаланууга, мамлекеттик-жеке шериктештикти өнүктүрүүгө, ошондой эле Евразиялык экономикалык бирликке кирүү боюнча министрлик жана ведомстволордун милдеттенмелеринин аткарылышына басым жасоо менен 2015-жылга карата Иш-аракет/милдеттенмелер планын толуктап иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Тактап айтканда, Валерий Диль оңдолгон жолдордун сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө, графикке ылайык санариптик телеберүүгө өтүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга, Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча келишимдердин так аткарылышына, мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкаруу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга көңүл буруу зарыл экендигин белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү