25
Ноябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль герман тарап менен Кыргызстандагы кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады
Бүгүн, 24-ноябрда, Германия Федеративдик Республикасына иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль «Рейн-Майн-Дунай» АК төрагасы Альбрехт Шляйх менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады.
Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан энергиянын жаңыланып турган булагын өнүктүрүү үчүн жогорку мүмкүндүккө ээ.
“Инвесторлорду тартуу максатында гидроэнергетикалык мүмкүндүктөрдү баалоо менен кичи ГЭСтерди куруу үчүн 23 келечектүү тилкени иликтөө жүргүзүлүп, ТЭН, бизнес-план же алдын-ала долбоорго ээ болгон жана инвестициялоого муктаж болгон ГЭС тизмеси даярдалган. Аталган материалдардын негизинде кичи гидроэнергетика обьектилерин, кыскача гидроэнергетикалык мүнөздөмө менен жакынкы калктуу пунктка дейре аралыкты жана координаттарды көрсөтүү менен санариптик картаны түзүү пландаштырылууда. «Рейн-Майн-Дунай» компаниясынын кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү маселесиндеги тажрыйбасын эске алуу менен Кыргызстандагы ГЭСтерди куруу боюнча бир нече конкреттүү сунуштарды кароону сунуштайм», — деди вице-премьер-министр.
Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Бавария жана Кыргызстан ортосундагы кызматташууну кеңейтүү максатында Альбрехт Шляйхты Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды, анда кичи, орто ГЭСтердин келечектүү долбоорлору жана энергиянын жаңыланып турган булактарын өнүктүрүү боюнча кеңири таанышууга мүмкүндүк түзүлөт.
Маалымдама: «Рейн-Майн-Дунай» АК 1921-жылы негизделген жана учурда 59 кичи гидроэлектростанцияда электр өндүрөт. Компания Бавариядагы электр энергиясын ири өндүрүүчүлөрдүн катарына кирет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү