02

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжине барды

Бүгүн, 1-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжине барды. Мында вице-премьер-министр окуу-класстарынын жасалгасы, материалдык-техникалык базасы менен танышып жана окутуучу курам менен жолугушту. «Учкуч, бортинженер, бортмеханик жана башка туташ кесиптер чоң жоопкерчиликти талап кылат. Учуулардын коопсуздугу үчүн сиздер устаттарыңыздар берип жаткан теориялык жана практикалык билимиңерди жакшы өздөштүрүшүңүздөр зарыл. Асман катачылыкты жактырбайт. Ошондуктан жакшы окуп, адамдар жолго чыгууда өздөрүндөгү эң баалуу нерсени – жашоосун сиздерге аманат этээрин эстен чыгарбаңыздар», — деди Валерий Диль. Колледж директору Рахимжан Абдраимовдун айтымында, учурда мында 400 адис даярдалууда, алар жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн келип, 7 адистик боюнча билим алат. Сапар соңунда вице-премьер-министр авиациялык колледж жетекчилигине колледжди өнүктүрүү программасын жана концепциясын сунуштоону тапшырды, анда негизги нерсе катары окутуучу курамдын квалификациясын жогорулатуу эсептелет. Учурда колледжге чет элдик тажрыйбага багыт алуусу жана аны эске алуу менен окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуусу тийиш. Бул өз кезегинде окуучулардын деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт», — деп белгиледи Валерий Диль. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү