07

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясына 81 жыл толушу жана СССРдин Эмгек сиңирген пилоту Абдраимов Ишенбай Абдраимовичтин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Валерий Диль өз куттуктоо сөзүндө билдиргендей, учурда 33 багыт боюнча түз жүргүнчүлөр каттамы аткарылууда, алар республиканы жакынкы жана алыскы мамлекеттер менен байланыштырууда. «Мында 21 каттам «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу жана 12 каттам Ош шаарындагы эл аралык аэропорт аркылуу ишке ашырылат. Быйылкы жылы учуулардын аймагы Бишкек-Пермь-Бишкек, Бишкек-Белгород-Бишкек, Бишкек-Грозный-Бишкек багыттары боюнча каттамдар ачылышына байланыштуу кеңейтилди. Ошондой эле Бишкек-Баку-Бишкек жана Ош-Краснодар-Ош багыттары боюнча каттамдар ачылышы пландаштырылууда. Белгилей кетчү нерсе, учуулар аймагынын кеңейиши аркылуу Ош эл аралык аэропотундагы жүргүнчүлөрдүн агымы 2005-жылдан бери карай 12 эсеге көбөйгөн», – деди ал.

Валерий Диль авиация экономикалык жана иштиктүү кызматташууну, Кыргызстандын КМШ, Европа жана Азия мамлекеттери аралык маданий байланышын камсыздаган натыйжалуу транспорттук каражат болгон жана ошол бойдон кала берээрин баса белгиледи.

[su_carousel source="media: 43328,43329,43330,43331,43332,43333,43334" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү