25
Ноябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль: Кыргызстан Өкмөтү өлкөнүн инвестициялык мүмкүндүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет
Бүгүн, 24-ноябрда, Германия Федеративдик Республикасында иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Бавария жергесинин экономика, ЖМК, энергетика жана технологиялар боюнча мамлекеттик катчысы Франц Йозеф Пширер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Валерий Диль Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы, республиканын Бажы биримдигине жана бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Бавария Федералдык жергеси ортосундагы экономикалык кызматташууну кеңейтүү маселеси талкууланды.
«Кыргызстан Өкмөтү өлкөнүн инвестициялык мүмкүндүгүн өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында түздөн-түз чет элдик инвесторлор менен ишти уюштуруу максатында Өкмөт тарабынан Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик түзүлгөн. Агенттиктин негизги максаты катары өлкө маморгандары менен биргеликте чет элдик инвесторлорго кеңеш берүү, бизнес жүргүзүү үчүн уруксаат документтерин алууга көмөктөшүү болуп эсептелет. Агенттик Кыргызстандагы келечектүү инвестициялык долбоорлорду сунуштоо аркылуу Бавариянын Экономика жана технологиялар министрлиги менен кызматташуу орнотууга даяр», — деди вице-премьер-министр.
Жолугушуунун жүрүшүндө герман тарап 2015-жылдын экинчи жарымында Мюнхен шаарында кыргыз жана бавар ишкерлеринин катышуусунда Кыргызстан экономикасынын күнүн өткөрүүнү сунуштады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү