28

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жамаатына жаңы министрди тааныштырды

Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жамаатына жаңы министр Кубанычбек Турдубаевди тааныштырды.

Валерий Диль борбордук аппараттын жамаатына жаңы министрди тааныштырууда белгилегендей, Кубанычбек Турдубаев бул кызматка энергетика катаал абалга тушукканда келип отурат.

“Өкмөт ага чоң үмүттөрдү артууда. Өлкөнүн энергетикалык тутуму үчүн кыйын кырдаал түзүлгөн учурда ал каатчылыктан чыгуу жолдорун таба алат деген ишеним бар. Эң негизгиси – ал жалпы атамекендик энергетиканы өнүктүрүүдөгү келечектүү багыттарды аныктоосу тийиш. Абал жөнөкөй эмес, энергетикадагы жаңы кубаттуулукка ээ болуубуз жана Нарын дайрасынын тең салмактуулугунан көзкарандылыкты жоюу үчүн капиталдык салымдар керек. Ведомствонун жаңы жетекчисинин ишмердүүлүгү жана анын натыйжалуулугу көбүнэсе, сиздерден, аны менен катар иш алып баруучу кызматкерлерге байланыштуу эсептелет. Кандай гана министр болуп, кандай гана билим деңгээлине ээ болбосун, энергетика алдындагы көйгөйлөрдү сиздердин жардамыңызсыз чече албайт», — деди вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Кубанычбек Турдубаев өлкө жетекчилигине көрсөтүлгөн жогорку ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

“Учурда абал татаал, аны жөнгө салуу үчүн ыкчам жана чечкиндүү иш-аракеттер талап кылынат. Менин ишенимимде, биздин жалпы аракетибиз катаал абалдан чыгып кетүү үчүн шарт түзөт. Мен энергетик кесиптештеримдин мүмкүнчүлүгүнө ишенем. Биз кышкысын кыргызстандыктардын үйүн жылуулук жана жарык менен камсыздоо үчүн колдон келген аракетти кылабыз», — деди министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү