10

Декабрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль Москвада өтүүчү Евразиялык экономикалык бирликтин кезектеги кеңешмесине катышат

Бүгүн, 10-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу жөнүндө келишим долбоорун даярдоо жана бекитүү максатында Москва шаарына Евразиялык экономикалык бирлигинин кезектеги кеңешмесине (Өкмөт башчы орун басарларынын деңгээлинде) катышуу үчүн жөнөп кетти. Алдыда келишим долбоорун Москва шаарында 23-декабрда мамлекет башчылар деңгээлинде өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кароо пландаштырылууда. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү