25

Сентябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль “Коомдук кабылдамага” жазылган жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коомдук кабылдамасына” жазылган жарандарды кабыл алды. Кабыл алуу учурунда Валерий Диль жарандардын арызын угуп, тийиштүү ведомстволорго кайрылган жарандардын көйгөйүн чечүү тапшырмасын берди. Ошондой эле вице-премьер-министрдин кабыл алуусуна жарандык авиация өкүлдөрү келип, алар тармактагы кадр саясатына, авиахаб түзүү боюнча ишти тездетүү жана Өкмөт түзүмүндө Мамлекеттик жарандык авиация агенттигин түзүүгө көңүл бурулушун өтүнүштү. “Биз жарандык авиацияны өнүктүрүү программасын иштеп чыктык, ошондой эле өлкөнүн авиакомпанияларын “кара тизмеден” чыгаруу боюнча ишти жүргүзүүдөбүз. Биз атамекендик авиацияны өнүктүрүүбүз зарыл, учурда ал жаңы торолуп келе жаткан абалда турат. Жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча угууларды өткөрүү, ага бардык авиакомпаниялардын өкүлдөрүн, ардагерлерди, аба транспорту боюнча эксперттерди чакыруу зарыл. Негизгиси – стратегиялык максатты жоготпоо керек – бизде заманбап учуучу паркы менен улуттук авиакомпаниябыз болуусу тийиш», — деп белгиледи вице-премьер-министр. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү