29
Октябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль венгриялык инвесторлорду кабыл алды
Вице-премьер-министр менен жолугушуунун жүрүшүндө Отто Хьюбер кичи жана орто кубаттуулуктагы гидроэлектростанцияларды долбоорлоо жана куруу боюнча сунуштарды карап чыгууну өтүндү.
Вице-премьер-министр венгриялык инвесторлорду энергетикалык тармактын абалы менен тааныштырып, Кыргызстан экономикасы үчүн кичи энергетиканын мааниси тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар аралык кызматташуу тууралуу Меморандум иштеп чыгуу чечими кабыл алынды, андан соң, «Intertraverz» венгриялык компаниясы кичи жана орто энергетикадагы долбоорлорду ишке ашырууга даяр.
Белгилесек, “Intertraverz» компаниясы кичи жана орто ГЭС куруу тажрыйбасына, ошондой эле Энергиянын жаңыланып турган булагын өнүктүрүүнү колдоо фондунун каржылоо булактарына ээ.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү