15

Апрель

2015

Вице-премьер-министр Валерий Диль “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо боюнча иштин жүрүшү тууралуу отчетту кабыл алды

Бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо боюнча иштин жүрүшү тууралуу отчетту кабыл алды. “Манас” эл аралык аэропорту” ААК аэропортторду өнүктүрүү жана долбоорлорду башкаруу боюнча дирекциянын директору Абдималик Бусурманкулов вице-премьер-министрге аткарылган иштер жөнүндө маалымат берди. Тактап айтканда, анын айтымында, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортун реконструкциялоо” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабынын алкагында инвестициялык салымдардын жалпы суммасы 25,9 млн АКШ долларын түзгөн. Учуп-конуу тилкесин 1800 метрге узартуу иштери аткарылган, анын реконструкциялоодон соң тилкенин жалпы узундугу узундугу 3800 метрди түзөт. “2014-жыл жыйынтыгы боюнча 160 каттам аткарылган, 5576 жүргүнчү тейленген. Бүгүнкү күнгө карата бүткөрүлгөн объектилер мамкомиссия тарабынан кабыл алынган. Жарандык авиация агенттиги тараптан “Ысык-Көл” аэродромун сертификатташтырууга даярдоо иштери жүрүүдө. Учурда турсезондун башталышына дейре “Ысык-Көл” эл аралык аэропортун ачууга даярдык көрүү иштери өткөрүлүүдө», — деп маалымдады А.Бусурманкулов. Абдималик Бусурманкулов аэропортту мындан ары карай өнүктүрүү маселесине тийиштүү белгилегендей, долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу алкагында дагы бир катар иш-чаралар пландаштырылууда. Алсак, алардын катарына отун-май куюу комплексин куруу, жүк терминалын куруу, Ысык-Көл” аэропортунун инфраструктурасын өнүктүрүү, атайы техника жана жабдууларды алуу кирет. Ошондой эле Транспорт жана коммуникация министрлиги вице-премьер-министрге аэропорттун инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жер тилкесин бөлүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Вице-премьер-министр Валерий Диль жүргүзүлгөн иштер үчүн ыраазычылык билдирип, Өкмөт Аппаратынын тийиштүү бөлүмүнө жер бөлүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү