03
Ноябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль SANY кытай компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды
Бүгүн, 3-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль «SANY» түндүк-батыш оор өнөр-жай компаниясынын башкы менеджери Вилли Йиаманы кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономиканын негизги өнүгүү багыттарын талкуулап, ошондой эле кыргыз Республикасынын салык тутуму жөнүндө маалымат берилди.
Белгилесек, кытай тарап курулуш техникасын, анын запастык бөлүктөрүн өндүрүү боюнча заводду курууга жана ГЭС курулушу үчүн жабдууларды, ошондой эле оор өнөр-жай тармагына керектүү техникаларды ташып келүүгө кызыкдар болууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү