14

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорунун бетачарына катышты

Бүгүн, 14-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорунун бетачарына катышты.

Бетачарда АКШ эл аралык өнүктүрүү боюнча USAID агенттиги “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорун сунуштап, «Реформа» экономикалык саясат боюнча долбоорду расмий түрдө жапты.

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” аттуу жаңы 4 жылдык долбоор кыргызстандык компаниялардын атаандаштык жөндөмүн өнүктүрүү жана чыңдоого, бизнести өнүктүрүү жана кошумча жумушчу орундарын түзүүгө багытталган. Долбоор кошумча нарк чынжырчасы менен иш алып барат.

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору экономикалык реформаларды колдоого, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын адамдык жана институционалдык мүмкүндүгүн жогорулатууга багытталган», — деп белгиледи вице-премьер-министр Валерий Диль.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү