27
Сентябрь
2014
Вице-премьер-министр Валерий Диль Москвадагы КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты
Бүгүн, 26-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Москвадагы КМШ Экономикалык кеңешинин 63-жыйынына катышты.
Жыйын жүрүшүндө КМШ өлкөлөрүнүн экономика жаатындагы өз-ара аракеттешүү маселелеринин жыйындысы талкууланды. Тактап айтканда, КМШга мүчө-өлкөлөрдүн атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы Мамлекеттердин ядролук жана радиациялык коопсуздугу концепциясынын долбоору, ошондой эле КМШдагы 2009-жылдын 20-ноябрындагы Товарлардын өндүрүлгөн өлкөсүн аныктоо эрежеси тууралуу Келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол долбоору жактырылды.
Жыйын катышуучулары 2010-жылдын 19-ноябрындагы Шериктештик өлкөлөрүнүн эт-сүт продукциясы рыногун түзүү жана иштетүүнүн негизги багыттары тууралуу, ошондой эле «МИСИС» университетине КМШ материал таануу жана тоо-кен металлургиялык комплекси жаатындагы адистерди даярдоочу базалык уюм макамын берүү тууралуу КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин чечимин ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты укту.
Мындан тышкары, жыйын катышуучуларына КМШ мамлекеттериндеги банктык жөнгө салуу жана көзөмөл жаатындагы регулятивдик режим тууралуу жана Шериктештик өлкөлөрүнүн өндүрүшчүлөрү сунуштаган атаандаштыкка жөндөмдүү продукциянын бириктирилген тизмеси тууралуу маалымат берилди.
КМШ Экономикалык кеңеш мүчөлөрү КМШга мүчө-мамлекеттердин базалык уюму катары Эл аралык транспорт академиясынын оңдуу ишмердүүлүгүн белгилеп, КМШ өлкөлөрүнүн кызыкдар министрлик жана ведомстволоруна өз иштеринде академия тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр жыйынтыгын пайдаланууну сунуштады.
Мындан тышкары, бир катар уюштуруучулук жана бюджеттик-финансылык маселелер каралган.
Талкуу жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлер эске алынган соң, документ долбоорлору КМШ Өлкө Башчылар Кеңешинин кароосуна киргизилет.
КМШ Экономикалык кеңешинин келерки жыйынын 2014-жылдын 12-декабрында Москвада өткөрүү пландаштырылган.
Маалымдама:
КМШ Экономикалык кеңеши – КМШ алкагында кабыл алынган келишимдердин аткарылышын камсыздаган негизги аткаруучу орган.
КМШ Экономикалык кеңеши өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн Өкмөт башчылар кеңешине жана КМШ Өлкө башчылар кеңешине экономикалык жана социалдык мүнөздөгү маселе тууралуу документ долбоорлорун жана сунуштарды иштеп жана алып чыгат, өз-ара кызыгууну туудурган маселелер боюнча КМШга мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык жана социалдык саясат жаатындагы кеңешмелерди өткөрөт. Тажрыйба жана маалымат алмашууга көмөк көрсөтүп, КМШ социалдык-экономикалык мүнөздөгү мамлекет жана өкмөт аралык органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоону камсыздайт.[su_carousel source="media: 42864,42865" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]