21

Октябрь

2014

Вице-премьер-министр Валерий Диль Ирандын өнөр-жай, кендер жана соода министринин орун басары Мохсен Салех Нийяны кабыл алды

Бүгүн, 20-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Иран Ислам Республикасынын делегациясын кабыл алды, аны өнөр-жай, кендер жана соода министринин орун басары Мохсен Салех Нийя жетектеп келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуу абалы жана аны кеңейтүү механизмдери талкууланды.

Вице-премьер-министр Бажы биримдигине кошулуу боюнча Кыргызстандын пландары тууралуу маалымдап, биримдикке кошулган соң, кыргызстандык ишкерлер үчүн 170 млн керектөөчүлөрү бар чоң рынок ачылып жаткандыгын билдирди. Буга байланыштуу ал иран бизнесмендерин Кыргыз Республикасынын экономикасына активдүү каражат салууга чакырды.

Валерий Диль белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Иран Ислам Республикасы менен мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө чоң маани берет жана биргелешкен Кыргыз-иран өкмөт аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Иран тараптын Кыргыз Өкмөтү менен достук жана иштиктүү байланыштарды орнотууга карай умтулуусу жана демилгеси мындан аркы эки тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүдө маанилүү фактор болуп саналат. Кыргыз Республикасы Кыргыз-иран өкмөт аралык комиссиясынын ишмердүүлүгү менен келечектүү жана өз-ара пайдалуу багыттардагы кызматташууну издөө жана өнүктүрүү жаатындагы эки өлкөнүн биргелешкен күч-аракетин байланыштуу карайт”, — деп билдирди вице-премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү