26
Ноябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль: Немец ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстан экономикасына каражат инвестициялоону активдештирүүгө чакырам
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Бавария Федералдык жергесинин азык-түлүк, айыл жана токой чарба вице-министри Мартин Ноймаер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба тармагы, айыл чарба тармагы үчүн кадрларды даярдоо, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана үрөнчүлүккө илимий мамиле кылуу жаатында кызматташуу маселеси талкууланды.
Валерий Диль германдык тарапка Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке шериктештик жөнүндө мыйзам кабыл алынгандыгын жана учурда анын механизмдерин мамлекеттин ишкерлер менен кызматташуусунун натыйжалуу формасы катары уюштуруу жана киргизүү процесси жүрүп жаткандыгын маалымдады.
“Белгилүү дүйнөлүк экономикалык институттардын иликтөөлөрү көрсөткөндөй, Кыргызстан бизнести ачуу шарттарынын жеңилдиги жана инвесторлорду коргоо жаатында алдыңкы орунда турат. Буга байланыштуу немец ишкерлер чөйрөсүн Кыргызстан экономикасына каражат инвестициялоону активдештирүүгө чакырам», – деди вице-премьер-министр Валерий Диль.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Мартин Нормайерге жыл сайын өткөрүлүүчү «Айыл-агро» Эл аралык агроөнөржай көргөзмөсү тууралуу маалымдады.
«Көргөзмөгө немец айыл чарба техникасын өндүрүүчү «CLASS» компаниясы да катышып жүргөндүгү кубанычтуу. Атайы техника өндүрүүчүлөрүнүн кеңири тармагын жана анын сапатын эске алуу менен башка компанияларды да «Айыл-агро-2015» көргөзмөсүнө катышууга чакырам», — деди ал.
Германдык тарап Берлин шаарында 2015-жылы өтүүчү “Жашыл жума” айыл чарба жармаңкесине Кыргызстандын катышуусу алкагында кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү