21

Февраль

2015

Вице-премьер-министр Валерий Диль: «Кыргызстандагы Немец экономика күндөрүн өткөрүү май айынын соңуна белгиленген”

Бүгүн, 21-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Германия Федеративдик Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Гудрун Срэга жана Борбор Азиядагы Герман экономика өкүлчүлүгүнүн башчысы Йорг Хетч менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө немец ишкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасында Немец экономика күндөрүн өткөрүү жана кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү маселеси талкууланды. Немец экономика күндөрүн өткөрүү үстүбүздөгү жылдын 20-майына белгиленген. Мындан тышкары, Немец экономика күндөрү Бишкек шаарынан тышкары, Токмок, Кара-Балта жана Кант шаарларынын биринде өткөрүлүүсү каралган. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Валерий Диль тармактык бөлүмгө министрлик жана ведомстволордун катышуусунда келерки иш-чарага даярдык көрүү боюнча кеңешме даярдоону тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү