01
Октябрь
Вице-премьер-министр Валерий Диль энергетикалык тармактагы түзүлгөн кырдаал боюнча ардагер-энергетиктер менен кеңешме жыйын өткөрдү
Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Дилдин төрагалыгы астында энергетикалык тармактагы түзүлгөн кырдаал жана абалдан чыгуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча республиканын ардагер-энергетиктери менен кеңешме жыйын өттү.
Аталган кеңешме жыйын жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү жана энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаалдан чыгууда натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгуу максатында уюштурулган.
Анын жүрүшүндө күз-кыш мезгилине ийгиликтүү камылга көрүү үчүн ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча сунуштар каралды.
Ага катар электр энергиясын керектөө деңгээлин сактоонун, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин калыбына келтирүү максатында электр энергиясын керектөөнү жөнгө салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү, отундун альтернативдик түрүн пайдаланууга өтүү, энергетиканы сактоо боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуунун учурунда ардагерлер тараптан белгиленгендей, учурда калк өлкөдөгү энергетикалык тармакта түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабылдашы керек.
Жыйын соңунда Валерий Диль Өкмөт түзүлгөн кырдаалда күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү боюнча бардык тийиштүү чараларды кабыл алып жаткандыгын билдирип, келип түшкөн сунуштар иштелип чыгаарын баса белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү