19
Май
2015
Вице-премьер-министр Валерий Диль өлкөнүн электр энергетикалык тармагын мындан ары карай өнүктүрүү боюнча Коргоо кеңешинин чечимин аткаруу боюнча кеңешме өткөрдү
Бүгүн, 18-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин “Өлкө экономикасынын электр энергетикалык тармагынын абалы жана аны мындан ары карай өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө” маселеси боюнча жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын келечектеги энергетикалык саясаты жана энергетикалык тармактын багыттарын өнүктүрүү, антикоррупциялык иш-чаралар жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана болжолдорду талдоо жолу аркылуу күз-кыш мезгилин өтүүгө тутумдуу даярдыкты камсыздоо маселелери каралды.
Энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев жоопкер мамлекеттик органдар жана аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлгөн Коргоо кеңешинин чечимин аткаруу боюнча план долбоорун сунуштады.
Планды талкуулоо жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр өзгөчө көңүлдү өлкөнүн энергетикалык секторун реформалоо жана суу ресурстарынан көзкарандылыкты төмөндөтүү максатында жаңы кубаттуулукту тез арада киргизүү аркылуу энергетикалык мүмкүндүктү жогорулатуу зарылдыгына бурду.
“Компанияларды бирдиктүү корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү жана ашыкча башкаруу жүгүн четтетүүгө умтулган энергетикалык тармакты башкарууну оптималдаштырууну жүргүзүү керек», — деп белгиледи Валерий Диль.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү